Жаңылыктар
Республикалык штаб парламенттик шайлоонун алдында акыркы кеңейтилген жыйынын өткөрдү
Шайлоо 2023
Республикалык штаб парламенттик шайлоонун алдында акыркы кеңейтилген жыйынын өткөрдү

Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб парламенттик шайлоонун алдында акыркы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Анда Коопсуздук кеңешинин катчысы, бир катар мамлекеттик мекеме жетекчилери, укук коргоо органдарынын башчылары шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча маалымат беришти. Үгүт өнөктүгү жана жалпы эле шайлоого байланышкан иш-чаралар негизинен тынч өтүп жатканы, бирок добуш сатып алуу жана сатуу, админстративдик ресурс колдонуу боюнча айрым фактылар аныкталып, чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штабды Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жетектейт. Ал эми түзүмүнө башкы прокурор, Борбордук шайлоо комиссиясы жана мекеме жетекчилери, Министрлер кабинетинин курамы толугу менен кирген. 2 ай убакыттан бери Республикалык штабдын мүчөлөрү аймактарды түрө кыдырып, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн көзөмөлгө алышты.

Добуш сатуу, сатып алуу боюнча айрым фактылар катталганы менен ал былтыркыдай көп эмес. Бул жолу административдик ресурс колдонгондор үчүн да катаал жазалар каралганын, андыктан бюджеттик мекемелердин кызматкерлери да шайлоо өнөктүгүнүн кандайдыр бир иш-чараларына катышуусу кескин азайганын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Үгүт өнөктүгү башталгандан тартып ушул кезге чейин шайлоо мыйзамдарын бузгандар боюнча жалпы 119 арыз түшкөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова анын ар бири боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Азыркы учурда шайлоочулардын тизмеси толук такталып бүттү. Бюллетендер басылып чыгып ар бир аймактык шайлоо тилкесине жөнөтүлдү.

Парламенттик шайлоого 5 күн убакыт калды. Республикалык штабдын мүчөлөрү добуш берүүнү таза жана ачык-айкын өткөрүүгө бардык күч аракеттер жумшаларын, бул жолу талапкерлерге, ошол эле учурда шайлоочуларга да чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов белгиледи.

Жыйында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү да видеобайланыш аркылуу шайлоого даярдык иштери тууралуу маалымат беришти. Республикалык штабдын жетекчилиги тарабынан бардык мамлекеттик мекеме жетекчилерине, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө алдыдагы бир жума күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, шайлоону таза жана адилеттүү өткөрүү ар биринин түздөн түз милдети экени эскертилди.