Жаңылыктар
Добуш берүү күнү бюллетендерди кантип туура толтуруу керек?
Шайлоо 2023
Добуш берүү күнү бюллетендерди кантип туура толтуруу керек?

Парламенттик шайлоого саналуу гана күндөр калды. БШК өлкөдөгү эки жарым миңдей добуш берүү тилкесин даярдап, шайлоочулардын акыркы тизмелери илинди. Бүгүнкү күндө бир мандаттуу округдарда 3 млн. 600 миңден ашык шайлоочу бар. Ал эми бирдиктүү шайлоо округдары боюнча добуш берүүчүлөрдүн саны 3 млн. 700 миңге жетет.

Бул жолу Жогорку Кеңешке мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат келет. Жетинчи чакырылыштын 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан мажоритардык система менен шайланса, калган 54ү пропорционалдык система менен тандалат. Тагыраагы саясий партиялардын ачык тизмелери менен келет. Аларды тандоо үчүн жарандар шайлоо күнү идентификациядан өтүшү керек.

Шайлоочу добуш берүү күнү 2 башка бюллетень алат. Бирине партияга жана партиянын ичиндеги өзүнө жаккан талапкерге добуш берет. Кийинки бюллетень менен 1 мандаттуу округдардагы талапкерлерди тандашат.

Бир мандаттуу округдардан шайлоочулар өздөрүнүн округундагы талапкерлердин бирөөнү гана тандоого укуктуу. Белги койбой же бирден көп талапкерди тандаган болсо, бюллетень жараксыз деп табылат.

Эгерде шайлоочу саясий партиянын бирин тандап, анын ичиндеги талапкерди көрсөтпөй койгон болсо, анда ал бюллетень жарактуу деп саналат. Бирок, ал добуш партиянын гана капчыгына түшөт. Бул эрежелер тууралуу маалыматтар брайл шрифти менен да даярдалды. Бүгүнкү күндө майыптыгы бар жарандарга да бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, партиялар парламентке өтүү үчүн жалпы шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алышы керек. Ошондой эле ар бир облуста катышкан шайлоочулардын санынан 0,5 пайыздан аз эмес добуш алуулары шарт. Эгерде партиялар ушул талаптардан өтүп, мандаттарды бөлүштүрүүгө жетсе, анда партиянын ичиндеги мандаттар шайлоочулардын добушунун санына жараша берилет.