Жаңылыктар
Кыргызстанда текстиль тармагын колдогон GTEX глобалдык программасы ийгиликтүү ишке ашып келатат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда текстиль тармагын колдогон GTEX глобалдык программасы ийгиликтүү ишке ашып келатат

Кыргызстанда текстиль тармагын  колдогон GTEX (Жтекс) глобалдык программасы ийгиликтүү ишке ашып келатат.  Швейцариянын өкмөтү бир катар ишканаларга жардам көрсөткөн. Ал тигүү тармагынын атаандаштыкка бекемдигин жана тышкы базарга ылайыкташуусун камсыз кылат.

Бул ишкана Швейцария өкмөтүнүн техникалык колдоосун алган. GTEX глобалдык программасы тигүү тармагындагы ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга көмөк көрсөтүп келатат.

Глобалдык программанын колдоосун алган дагы бир ишкана окуучулардын мектеп формасын даярдоо менен алек. Кийимдери Кыргызстанда гана эмес, Россиянын бир катар шаарларында да сатылууда.

Пандемия учурунда ишканалар жоготууларга учураса, Ново-Покровка айылында жайгашкан ишкана учурда кирешесин арттырып, жаңы ыкмаларды да өздөштүрдү.

Тигүү тармагын колдогон эл аралык программанын алкагында Кыргызстанда 40ка жакын ишканага жардам көрсөтүлүүдө.

Кыргызстанда тигүү тармагы өлкө экономикасынын негизги алты багытынын бири болуп саналат. Учурда анда иш алып баргандарга салыктык жеңилдиктер караштырылууда.