Жаңылыктар
Мамлекеттин тиреги - билим ээлери (жаңыланды)
Билим
Мамлекеттин тиреги - билим ээлери (жаңыланды)

Билим күнүндө Президент Алмазбек Атамбаев Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы орто мектепте болуп салтанаттуу аземге катышты. Өлкө башчы өз сөзүндө окуучуларды жана мугалимдерди билим күнү менен куттуктап, балдарды жакшы окууга, ал эми ата-эне, мугалимдерди балдардын жетиштүү билим-тарбия алуусу үчүн жакшылап көңүл бурууга чакырды.

Аны менен бирге Президент жаш муунду эмгекчил болууга, жумуштун жакшы-жаманынан качпай ийгиликке жетүүгө үндөдү. Өлкө башчы сыртта иштеп жүргөн биздин жарандар тууралуу айтып, жаштарыбыз сапаттуу билим алып бир кесиптин ээси болсо аларга Кыргызстанда деле жумуш көп табыларын, мамлекет болсо буга көмөктөш болорун белгиледи. 


Иш-чарада Алмазбек Атамбаев мектеп жетекчилигине материалдык жардам катары 500 миң сомдук сертификатты тапшырды. Мындан сырткары бул жерге жаңы мектеп жана спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп,каражат табуу жагы өкмөткө жүктөлдү.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118