Жаңылыктар
Шайлоо 2021. БШК 295 эл аралык байкоочуну аккредитациялады
Шайлоо 2023
Шайлоо 2021. БШК 295 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 295 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. 23-ноябрга карата алардын саны 730га жетти. 

Ал арада КМШ, ОБСЕ миссиялары шайлоо процессине мониторинг жүргүзө баштады. Жакынкы күндөрү Кыргызстанга убактылуу байкоочулар келет. Байкоону эл аралык уюмдардан тышкары чет мамлекеттердин шайлоо органдарынын өкүлдөрү да жүргүзөт. 

Мындан сырткары Боршайком Азербайжан, Беларусь, Грузия, Казакстан, Латвия, Литва, Молдова, Россия, Румыния, Тажикстан, Түркия, Украина жана Өзбекстандын БШК өкүдөрүн каттады. Ошондой эле чет мамлекеттердин 19 дипломатиялык өкүлчүлүктөрү байкоочу катары катталды.