Жалал-Абад облусунун аймагында жаңы окуу жылында жаңы 4 билим уясы ишке кирди. Ал эми облус боюнча жалпы 469 мектеп эшигин ачты.
17 миңден ашуун жеткинчек алгачкы жолу мектеп босогосун аттап, биринчи класска барды. Адистер быйыл Жалал-Абадда бир катар билим берүү мекемелеринде жаңылануулар болгонун белгилешти.
Ушул тапта областта 38 мектептин курулушу жүрүп жатат. Айрымдары жыл ичинде ишке берилээри да пландалган. Андан сырткары 27 мектептин имараттары капиталдык ремонттон өттү.
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118