Жаңылыктар
Самат Абдырахманов аралаш эр таймаштын финалына чыкты
Спорт
Самат Абдырахманов аралаш эр таймаштын финалына чыкты

"Кыргыз" каймана аты менен таанымал Самат Абдырахманов россиялык HARDCORE MMA же аралаш эр таймаштын экинчи мезгилинин финалына чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чаранын расмий сайтында айтылат. 

Абдырахманов казакстандык Амхад Джанчураев менен беттешип, калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңишти илип кетти. Hardcore Fighting — бул муштум аркылуу беттешчү лига. Мелдеш 2 мүнөттөн үч раундга созулуп, мушкерлер кол кап кийбестен таймашат. 

Белгилей кетсек, мелдештин биринчи сезонунда 5 миң мушкердин ичинен 100 адам тандалып, жеңүүчүгө 1 млн рубль жана чемпиондун куру берилет.