Жаңылыктар
Коррупция тууралуу маалымат билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби бекитилди
Шайлоо 2023
Коррупция тууралуу маалымат билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартиби бекитилди

Министрлер Кабинети коррупция тууралуу билдирген адамга сый акы төлөөнүн тартибин бекитти. Сый акы төлөө мамлекеттин кирешесине түшкөн каражаттардын суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө болот. 

Эгерде коррупциялык укук бузуу фактысы тууралуу билдирген адамдын маалыматынын негизинде бир нече кылмыш аныкталса, сый акы зыяндын орду эң көп өлчөмдө толтурулган кылмышка карата төлөнөт. Комиссия коррупциялык укук бузуу тууралуу маалыматты текшерип, 10 жумуш күндүн ичинде төлөө жөнүндө өтүнүч же жүйөлөнгөн баш тартууну киргизет. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.