Жаңылыктар
БШК жаңы эреже менен өтчү парламенттик шайлоонун бюллетенинин үлгүсүн көрсөттү
Шайлоо 2023
БШК жаңы эреже менен өтчү парламенттик шайлоонун бюллетенинин үлгүсүн көрсөттү

Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы эреже менен өтө турган парламенттик шайлоонун бюллетенинин үлгүсүн көрсөттү. Бул ирет шайлоо аралаш система менен өтүп жатат. 

Пропорционалдык тутум боюнча бюллетендин үстү жагына 21 партиянын аталышы, астына 54 номерлештирүү коюлган. Жаңы эрежеге ылайык, шайлоочу алгач партияны, андан соң конкреттүү бир талапкердин тизмедеги катар номерин тандашы керек. Ал эми бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерге добуш берүү мурдагыдан айырмаланбайт. Талапкердин аты-жөнү жазылган номердин тушуна белги коюу жетиштүү.