Парламенттик шайлоого аз гана убакыт калды. 2 күндөн кийин үгүт иштери аяктап, жымжырттык күнү жарыяланат.
Бул арада БШК 3 млн 622 миңдей шайлоочуну каттап, добуш берүү тилкелерине илген. Бул өткөн референдумга катышкан жарандарга караганда 97 200 шайлоочуга көп.