Жаңылыктар
БШК: Электрондук жабдыктар сыноодон өткөрүлдү
Шайлоо 2023
БШК: Электрондук жабдыктар сыноодон өткөрүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясы автоматташтырылган эсептөөчү жабдыктарды сыноодон өткөрүп, анын иштөө тартибин көрсөттү. Бул өз кезегинде алдыдагы парламенттик шайлоого карата акыркы даярдыктардын бири. Жаңы программа аралаш шайлоо тутумун өткөрүүгө ылайыкталгандыктан, ал партия үчүн жана андагы талапкерге берилген добуштарды өзүнчө саноого жөндөмдүү.

Заманбап эсептөөчү жабдыктарды иштетүү процесси оңой олтоң иш эмес. Үкөк партия жана андагы талапкер үчүн берилген добуштардын ар бирин идентификациядан өткөрүп, эсебин чыгарышы керек. Бул үчүн жабдыкта атайын программа орнотулган. Адистер бүгүн анын иштөө тартибин көрсөтүп беришти.