Жаңылыктар
Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплекси ачылды
Спорт
Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда Раатбек Санатбаев атындагы спорт комплекси ачылды

Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорттук мектеби ачылды. Ага Бишкек мэриясы тарабынан 53 жарым миллион сом сарпталды. 

Спорттук зал жуунучу бөлмө жана башка тийиштүү жабдуулар менен толук камсыздалды. Дагы бир артыкчылыгы - кыздар өзүнчө бөлмөдө машыгышат.

Буга чейин өспүрүмдөр кичинекей спорттук залда машыгып келишкен. Эми жаш спортчулар андан эки эсе чоң, заманбап, бардык шарттары бар спорттук сарайда машыгуусун улантышат. Бул балдардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт.