Жаңылыктар
Президент өлкөдөгү актуалдуу маселелерге токтолуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент өлкөдөгү актуалдуу маселелерге токтолуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештин жыйынын өткөрдү. Отурумдун күн тартибине парламенттик шайлоону өткөрүүдө коомдук, эпидемиологиялык коопсуздукту жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери чыгарылган. Ошондой эле, энергетика тармагы талкууланды. Мамлекет башчысы алгач өлкөдөгү актуалдуу маселелерге токтолуп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Президент Садыр Жапаров жыйындын күн тартибине өтөөрдөн мурда коопсуздук кеңеши карай турган маселелерге тиешелүү бир катар жетекчилерге тапшырмаларды берди. Өлкө башчы биринчи эле чиновниктердин айынан дыйкандарга бөлүнгөн каражат толук жеткирилбей жатканына токтолду. Ал аймактарды кыдырып жүргөндө, сугат жерлер айдалбай жатканына күбө болгон.

Калганын жалаң ишкерлер, депуттар, министрлер, губернаторлордун жакын туугандары алат. Президент дыйкандарга делген насыя эмне себептен аларга жетпегенин изилдеп чыгууну Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырды.