Жаңылыктар
Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу

Азыркы учурда азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси өлкөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири болууда. Себеби акыркы бир жыл ичинде орун алган кымбаттоолор карапайым калктын чөнтөгүнө оор келүүдө. Андыктан бул маселе атайын Коопсуздук кеңешинин жыйынынын кароосуна киргизилген. 

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону ишкерлерге жана инвесторлорго шарт түзүп инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл-чарбасын өнүктүрүүгө болгон мамилени өзгөртүү аркылуу чечүү керектигин белгиледи. Темага Самат Асипов токтолот.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоолордун өтөрүнө 2 күн убакыт калды. Бул жагдайда коопсуздук кеңешинин жыйыны чоң мааниге ээ, бирок өлкөдө карапайым калктын жашоосуна түздөн түз таасир эте турган экономикалык, энергетикалык жана азык түлүк коопсуздугун камсыздооо маселеси азыркы учурда актуалдуу болуп турат. Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул багыттагы көйгөйлөр ийне жибине чейин талданып, тиешелүү мекеме министрилктердин башчыларына чара көрүү үчүн тапшырма милдеттер коюлду.