Жаңылыктар
Энергетикалык каатчылыктын кесепети
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикалык каатчылыктын кесепети

Акыркы 30 жыл ичинде өлкөнүн башка тармактары менен бирге эле энергетика дагы терең каатчылыкка кабылган. Бул тууралуу бүгүн президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында белгиленип, алдыда бул тармакты саздан алып чыгуу үчүн ири реформалар, зарыл пикирлер айтылып, каатчылыктан чыгуу жолдору талкууланды. 

Энергетика тармагынын каатчылыкка кептелишинин бир нече себептери бар. Алар башкаруунун натыйжасыз системасы, коррупция, өнөкөткө айланган толук каржылабагандык, отундун импортунан көз карандылык, техникалык жана өндүрүштүк жоготуулардын жогорку коэффициенти жана электр энергиясын уурдоо - бул энергетика тармагы туш болгон көйгөйлөрдүн бир гана бөлүгү экенин президен белгиледи. Айтымында, мунун бардыгы ондогон жылдар бою улантылып келген.