Жаңылыктар
Оштогу жаңы курулуштар пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Оштогу жаңы курулуштар пайдаланууга берилди

Өлкөнүн келечеги үчүн билим берүү тармагын өнүктүрүү – өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. Мунун далили катары республикалык бюджеттин 20 пайызы билим берүүгө жумшалат.

Көпүрөлөр жана жолдор биздин экономикада гана эмес, күнүмдүк жашообузда да өтө чоң роль ойнойт. Анткени, жол инфрастуктурасынын жакшыруусу аймактарга жаңы перспективаларды ачат. Мындай пикирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Ош шаарындагы жаңы курулуштарды ачылыш салтанатында билдирди. 

Андан соң, өкмөт башчы 20миңдей калкы бар үч негизги аймакты бириктирген жаңы көпүрөнүн ачылыш аземине катышты. Тендердик баасы 43,6 миллион сомго бааланып, республикалык бюджеттен каржыланган көпүрө 490 метрге созулат.

Окмөт башчынын айтымында, соңку беш жылдын ичинде республика боюнча 1200 чакырымга жакын жол салынган. Алардын арасына Кубакы-Балыкчы, Ош-Сарыташ-Эркечтам, Сарыташ-Карамык, Бишкек-Нарын-Торугарт, Тараз-Талас-Суусамыр, Ош-Баткен-Исфана, Түштүк-түндүк альтернативалуу жолдору кирет.

Ош шаарында көпүрө салуу мурдатан эле актуалдуу маселе болуп келген. Мындан улам, калаа бийлиги республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануунунун аркасында кошумча эки көпүрөнү курууга жетишкен. Бул көпүрө менен бирге мурда каралбай калган жаштардын эс алуучу жайы да реконструкцияланды.

Улуу муундун өкүлдөрү, мындай жетишкендиктерди багынтууда мамлекетибиздин мүмкүнчүлүгү чоң экендигин айтат. Буга жергебизде бир муштумдай түйүлгөн биримдик гана жетиштүү.
Бул көпүрө Ак-Бууранын эки жээгин гана бириктирбестен, шаарда жашаган бардык этностордун ынтымагын бириктирген, достуктун, келечектин көпүрөсү болуусун Ош шаарынын жарым миллионго чукул жашоочусу бир тилектен билдирет.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118