Жаңылыктар
Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”
Шайлоо 2023
Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”

27-ноябрь - өлкөдө парламенттик шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү”. 

Бүгүн эртең менен саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады. Шайлоого 24 саат калганда саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылса, анын 59у чет өлкөдө жана 2 миң 435и өлкө аймагында.