Жаңылыктар
Добуш сатып алган жаран кармалды
Шайлоо 2023
Добуш сатып алган жаран кармалды

26-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округунан талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы кармалганын УКМК маалымдады. 

Ал шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жаткан жеринен колго түшкөн. Штабдын расмий эмес кызматкери жарандарды мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды сатып алуу иштерин жүргүзүп келген. Тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректери менен ири суммадагы акча каражаты табылды. 

Учурда бул кылмышка катышкан башка адамдар аныкталууда. УКМК талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, катуу чаралар көрүлөөрүн эскертет.