Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга иш сапары менен барат
Саясат
Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык  уюмунун 15-Саммитине катышат. 

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги Саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. Ошондой эле, Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.