Жаңылыктар
Билим уяларындагы шарттар талапка жооп бере алабы?
Билим
Билим уяларындагы шарттар талапка жооп бере алабы?

Быйылкы жаңы окуу жылында Нарын облусундагы 141 мектепте 57 миңге жакын окуучу билим алмакчы. Тилекке каршы, көпчүлүк билим уяларында түзүлгөн шарттар купулга анча толо бербейт. Ушундан улам, жергиликтүү бийлик башындагылар үчүн алардын абалын оңдоо негизги милдеттерден. Бул багытта кыргыз өкмөтүнүн кийлигишүүсү менен, алгачкы кайтарымдар бар. 

Рыскелди Кубанычбек уулу он жыл бою өткөн кылымдын 60-жылдарында курулган эски мектепте окуду. Өзү мойнуна алгандай, шарт анча болбогондуктан, өзүн мыктылардын катарына кошо албайт. Дагы жакшы 11-класска олтурганында, төрт тарабы төп жаңы мектепке ээ болушту.

Колдогу маалыматтарга караганда, Нарын облусу боюнча ушу тапта 22 мектептин курулушу жүрүп, анын жарымы «Жер үй» алтын кенинин жана жарымы капиталдык салымдардын эсебинен каржыланууда. Эгер көздөлгөндөр жүзөгө ашса, жыл аягында дагы он билим уясы балдар-кыздардын кызматына коюлмакчы. Мындай көрүнүштө кыргыз өкмөтү белсенген 100 мектептин курулуштарынын аяктаарына ишеним жаралат.

Ошентип, жаңы окуу жылындагы алгачкы кадамдар анча жаман эмес. Салыштыруу ирээтинде кубаттуу Союз мезгилинде бир жыл ичинде ашып кетсе, эки-үч мектептин гана курулуп тургандыгын эске салалы. Антсе да, туулганына эмес, турганына сүйүнүү керектигин унутпайлы.