Жаңылыктар
Парламенттик шайлоого добуш берүү башталды
Шайлоо 2023
Парламенттик шайлоого добуш берүү башталды

Бул республиканын саясий-экономикалык турмушундагы олуттуу саясий иш-чара. Бул жолку Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы аралаш система менен жаңы эрежелер менен өтүүдө. Саат 8де республика боюнча 3435 шайлоо тилкеси ачылып, жарандар добуш берип жатышат ал эми чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участкасында добуш берүү жүргүзүлөт. 

Чет мамлекеттеги добуш берүүлөр Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 3дө башталды. Эң биринчи болуп Россиянын Южно-Сахалинск шаарындагы шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү башталды. Азыркы учурда чет өлкөлөрдөгү он алты шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатат. Кечээ имараттардан тышкары шайлоо жүргүзүлгөн. 

Шайлоо участкалары зарыл болгон техникалык жабдуулар менен жабдылган. Ошол эле учурда ар бир шайлоо тилкесинде санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн. Муну менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын добуш берүү укуктарын камсыздоо үчүн да ар бир шайлоо тилкесинде шарттар түзүлгөн.