Жаңылыктар
Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун Саммитине катышат
Саясат
Садыр Жапаров Түркмөнстанда өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун Саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркмөнстанга иш сапары менен барат. Анын алкагында Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-Саммитине катышат. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы астында өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун кезектеги Саммитинин жүрүшүндө, өлкө башчылары ЭКУ мейкиндигинде аймактык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат. 

Ошондой эле, Түркмөнстандын ЭКУга жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгын чыгарышат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу Декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө. Мамлекет башчысы ушул эле күнү кечинде Бишкекке кайтып келет.