Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди
Шайлоо 2023
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Добуш берүү процедурасы аяктагандан кийин Садыр Жапаров өлкө жарандарын парламенттик шайлоого активдүү катышуу менен атуулдук милдетин аткарууга чакырды.

"Ар бириңиздердин добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат", - деп кайрылды Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарына.