Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына кетти
Саясат
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, иш сапары менен Түркмөнстандын Ашхабад шаарына кетти. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат. 

Уюмга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчылары Экономикалык кызматташтык уюмунун мейкиндигинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын актуалдуу жана негизги темалары боюнча пикир алмашышат, ошондой эле Түркмөнстандын Уюмга жана анын уставдык органдарына төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарары күтүлүүдө. 

Кыргызстан тараптын расмий делегациясынын курамында Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов, Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүл жана Иран ислам республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков бар. Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, кечинде Бишкекке келет.