Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: саат 10:00гө карата шайлоодо партияларга 107 852 жаран добуш берди
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: саат 10:00гө карата шайлоодо партияларга 107 852 жаран добуш берди

Бүгүн, 28-ноябрь саат 10:00гө карата шайлоодо партияларга 107 миң 852 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 2,91 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 103 миң 332 шайлоочу же 2,86%ы добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.