Жаңылыктар
Шайлоо - 2021: Партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021: Партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар

Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып жаткан партиялардын тизмесинде талапкерлердин 36% аялдар, 63% эркектер түзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. 

Бир мандаттуу округдардан катышып жаткан талапкерлердин арасында аялдар 10% жетпейт. Майыптыгы бар талапкерлер 4,5%, этникалык топтордон 18,4%, 35 жашка чейинкилер 25% түзөт. 

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялардын тизмесинде гендердик, аймактык, курагына, социалдык тобуна байланыштуу баланс сакталууга тийиш.