Жаңылыктар
Шайлоо - 2021. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9 пайызы добуш берди
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9 пайызы добуш берди

Шайлоо участкалары ачылгандан кийин төрт сааттын аралыгында бирдиктүү шайлоо округу боюнча 339 миң 785 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 9,17 пайызын түзөт. 

Учурда Ош шаары активдүүлүк көрсөтүүдө, бул убакытта 10,94 шайлоочу добушун берди. Ал эми Чүй облусу 7,81 пайыз менен эң артта баратат. Бир мандаттуу округ боюнча 329 миң 965 кыргызстандык же жалпы шайлоочулардын 9,12 пайызы катышты.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн жарандар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди шайлай албайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 3 миллион 703 миң 420 жаран катышуу укугуна ээ. 

Чет мамлекеттерде тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 1 миң 518 же 1,8%ы өз тандоосун жасады. Бул ирет парламенттик шайлоо аралаш система менен өтүп, 90 талапкерге мандат берилет. 54 депутат партиялык тизме, 36сы бир мандаттуу округ аркылуу тандалмакчы. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00дө 2 миң 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн кыргызстандыктарды тейлөөдө.