Жаңылыктар
Шайлоо-2021. Өлкө башчысы тарабынан коюлган талаптар
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021. Өлкө башчысы тарабынан коюлган талаптар

Бул ирет шайлоодо жарандардын эркин тандоосун камсыз кылууга бардык аракеттер көрүлдү. Президенттин эң башкы талаптары - административдик ресурс колдонбоо, добуш сатып алууну жок кылуу болду. Мыйзам бузган бир нече кызматкер жумушунан кол жууп, айрымдар катуу сөгүш алды. Өлкө башчысы тарабынан коюлган талаптар тууралуу алдыда.

Башынан шайлоону таза өткөрүүгө кылдат даярдык көрүлүп, аны кынтыксыз ишке ашыруу милдети турду. Бул боюнча атайын республикалык штаб түзүлүп, аны жетектөө Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкуловго жүктөлгөн. Аталган штаб БШК менен биргеликте бардык аймактарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыкты. 

Саясат талдоочулар муну менен катар Президенттин “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы өз учурунда чыкканын белгилешет. Анда мамлекеттик кызматкерлердин, окуучу, студенттердин үгүт иштерине тартылышына тыюу салуудан тышкары Башкы прокуратурага мыйзам бузуу боюнча арыздардын, билдирүүлөрдүн түшкөн-түшпөгөнүнө карабай, дайыма көзөмөл жүргүзүп туруу тапшырылган. Ошондой эле, ИИМге, УКМКга бардык тараптардын арыз, даттанууларын оперативдүү кароо милдеттендирилген. Саясат талдоочулар бийлик саясий эркин иш-аракеттер менен далилдегенин белгилешүүдө.