Жаңылыктар
Борбор калаадагы аймактык шайлоо тилкелеринде добуш берүү өз нугунда өттү
Шайлоо 2023
Борбор калаадагы аймактык шайлоо тилкелеринде добуш берүү өз нугунда өттү

Бүгүн борбор калаадагы аймактык шайлоо тилкелеринде добуш берүү өз нугунда өттү. Добуш сатып алуу сатуу же административдик ресурс пайдаланган учурлар байкалган жок. Санитардык эрежелерге өзгөчө көңул бурулуп, жарандардын эркин добуш берүүсүнө зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан 1352 аймактык шайлоо тилкеси туура саат 8де ачылып, шайлоочуларды кабыл алды. Быйыл добуш берүү өнөктүгү аралаш тутум менен өтүп жаткандыктан, даярдык иштери да кошумча күч аракетти талап кылды.