Жаңылыктар
Шайлоо таза өттү. Олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок - Эл аралык байкоочулар
Шайлоо 2023
Шайлоо таза өттү. Олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок - Эл аралык байкоочулар

Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого жалпы жонунан БШКда катталган 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар көзөмөл жүргүздү.

Алар өлкөнүн бардык дубандарында шайлоо тилкелерин кыдырып санитардык талаптар сакталдыбы, добуш берүүгө түзүлгөн шарттар, жаңы шайлоо системасы мыйзамдын талабына ылайык уюшулдубу? Эл аралык байкоочулардын берген баасы кандай?

Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун бюросу, Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы байкоо салды. 41 өлкөдөн жалпы 344 байкоочу келген. Алардын ичинде 276сы кыска жана узак мөөнөттүү эксперттер. Европадан келген парламентарийлер менен кызматкерлер 56 адамдан турат. Ал эми Европанын Парламенттик ассмблеясынан 13 өкүл бар. Европадан тышкары КМШдан келген миссиядан тартып башка көптөгөн мамлекеттердин байкоочулары мониторинг кылышты.

“Борбордук шайлоо комиссиясынан 736 эл аралык байкоочу каттоодон өткөн. Алардын 14ү шайлоо органдарынан, 20сы эл аралык уюмдар, 19у дипломатиялык өкүлчүлүктүн өкүлдөрү. Ошондой эле 9 коомдук уюм шайлоо өнөктүгүнө мониторинг кылууну каалоосун билдиргендер иш алып барды”,- деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Шайлоо жаңы мыйзамдын негизинде аралаш система аркылуу өтүп, талапкерлер бир мандаттуу округдан жана партия аркылуу тандалды. Эл аралык байкоочулар добуш берүүнүн жүрүшүнө өлкөнүн облустарындагы шайлоо тилкелерин кыдырып көз салышты. Алар шайлоону уюштуруу ишин жогору баалады.

“Таң аткандан бери Ысык-Көл облусунун бир нече районун кыдырдым. Мыйзам бузуулар катталган жок, шайлоо эл аралык талаптарга ылайык өтүүдө. Кезек күткөндөрдү байкаган жокмун, бирок бул аймакта шайлоого келген адамдар өтө көп эмес", - деди эл аралык байкоочу Алексей Досов. 

“Мен таңкы 7 жарымдан бери жүрөм. Таласта баары жакшы тынч өтүүдө. Эми шайлоону жыйынтыгын 2-3 айдан кийин интернетке жарыялайбыз”,- дейт көз карандысыз байкоочу Ип Хансен.

“Баткен облусунда жаштар шайлоого активдүү катышты. Алар маанилүүлүгүн билип жоопкерчилик менен келип добуш беришти. Абал тынч, талаш-тартыш, провокация болгон жок. Адамдар менен сүйлөшүм көрсөм алар кантип добуш берүү керектигин билет экен”, - деди эл аралык байкоочу Виктор Васильев.

Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы заманбап технология менен өткөн шайлоо көп артыкчылык алып келээрин белгилешти.

“Биометрикалык каттоо менен өткөн добуш берүү шайлоо технология бир кадам алдыга кеткенин айгинилеп турат. Мен азаматтар деп айта алам, БШК акыркы жылдары көп иш жасады. Шайлоочулар инновациялык технологияны өздөштүрүптүр, Кыргызстандын шайлоо системасы айрым өлкөлөрдөн алдыда деп айта алам”,- деп билдирди КМШнын байкоочулар миссиясынын башчысы Василий Волков.

“Көз карандысыз байкоо кылдык, эч кандай маселе көрө алган жокмун биометрикалык маалымат колдонулуп эл добуш берди. Бул система жакшы деп эсептейм жана шайлоо Кыргызстандын келечеги үчүн тынч жакшы өттү”,- деди ТүркПА эл аралык уюмунун байкоочу миссиясынын мүчөсү Режеп Шекер.

“Шайлоо жакшы өтүп жатат деп эсептейм, биз эки күндөн бери байкоо жүргүзүп жатабыз. Кечээ шайлоо участокторундагы даярдык иштерине күбө болдук. Бүгүн ачылышынан бери кыдырып жатабыз. КОВИДке каршы чаралар, санитардык талаптар так сакталыптыр. Шайлоо тилкелерин дагы кыдырып кемчилик, мыйзам бузуулар барбы деп кызыксак баары оң пикирде”,- дейт ШКУнун миссиясынын байкоочусу, Россиянын БШКсынын мүчөсү Александр Курдюмов.

Шайлоонун жыйынтыгын БШК расмий жарыялагандан кийин эл аралык байкоочулар тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы да чыгарылат.