Жаңылыктар
Кыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылды
Шайлоо 2023
Кыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылды

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Бир саат мурда өлкөдөгү добуш берүү үчүн ачылган шайлоо тилкелери жабылды. Бул жолу парламенттик шайлоо жаңы Конституция, жаңы шайлоо мыйзамдары жана жаңы эрежелер менен өткөндүктөн олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Тиешелүү органдар мыйзам бузуулар боюнча түшкөн кайрылууларга ыкчам чара көрүп, укуктук баа берилүүдө. Себеби Президент тарабынан шайлоону таза, ачык, акыйкат өткөрүү жана талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү боюнча талаптар катуу коюлган.

Адатта кымгуут болуп калган шайлоо тилкелеринин алды бул жолу тынч болду. Мурдагыдай шайлоочуларды ташып келүү, сырттан туруп алып добуш сатып алуу үчүн акча тараткан, эки-экиге бөлүнүү көрүнүштөрү, тигил же бул талапкерге жан тартып чуркаган далдалчылар болгон жок. Элдин эркин тандоосуна шарт түзүлдү. Добуш берүү ар бир жарандын абийирине жана тандоосуна коюлду. Атуулдук милдетин аткарууга келген элеттин тургундары келечек үчүн добуш бергенин билдиришти.