Жаңылыктар
Шайлоо 2021: Бул жолку парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү
Шайлоо 2023
Шайлоо 2021: Бул жолку парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү

Бул жолку парламенттик шайлоого өзгөртүүлөр киргизилген. Мурдагыга караганда 30 депутатка аз шайланган жетинчи чакырылышта талапкерлер 21 эмес, 25 жаштан өйдө куракта болушу керек. Алардын баарынан жогорку билимин тастыктаган диплом талап кылынат.

Аралаш система менен тандалган депутаттардын 54ү партиялык тизме менен 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Ал үчүн шайлоочуга эки бюллетень берилип, анда өзүн-өзү көрсөткөн, партия жана анын курамындагы талапкер болуп үч жолу тандоо укугу берилет.

Преференциалдык система боюнча партия мурдагыдай эле талапкерлердин тизмесин каалагандай түзө албайт. Андагы талапкердин саны 54төн ашпай, курамында аялдардын, жаштардын, ар улуттун өкүлдөрүнүн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын квотасын сактоо талабы бар. Шайлоочу кокус бюллетенди булгап алса, катталган тилкесинен башка бюллетень алса болот.

Талапкерлердин жеңишке жетиши үчүн бул ирет босого чек жок. Добушту көп алган партиянын мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок бир партияга 27ден көп мандат берилбейт. Эгерде бир партия он мандатка ээ болсо анын үчөө аялдар болушу шарт. Тизмеде айымдар добушка жетпесе да шартка ылайык кийинки катардагы аялдарды жылдырып үч аял мандат алчу ондукка кирет.