Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жарандык милдетин аткарып, парламенттик шайлоодо добушун берди
Шайлоо 2023
Акылбек Жапаров жарандык милдетин аткарып, парламенттик шайлоодо добушун берди

Борбор калаадагы 1142-шайлоо тилкесинде Президенттин Администрациясынын Жетекчиси - Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жарандык милдетин аткарып, парламенттик шайлоодо добушун берди. Ал бул жолку эл өкүлдөрүн шайлоодогу айрым өзгөчөлүктөргө токтолду.

Эртең мененки саат сегизде №1142 шайлоо тилкесинде өнөктүктү өткөрүүгө тиешелүү болгон бардык талаптар каралган. Добуш берүүчүлөрдү 14 кызматер тейлеп, 8 байкоочу шайлоонун ачык өтүшүнө көзөмөл салып отурушту.