Жаңылыктар
БШКнын масштабдуу жана кылдат даярдыгынын натыйжасында шайлоо өз деңгээлинде уюштурулду
Шайлоо 2023
БШКнын масштабдуу жана кылдат даярдыгынын натыйжасында шайлоо өз деңгээлинде уюштурулду

Борбордук шайлоо комиссиясынын масштабдуу жана кылдат даярдыгынын натыйжасында шайлоо өз деңгээлинде уюштурулду. Алар шайлоочуларга маалымат берүүнүн бардык жолдорун караштырган. Добуш берүүнүн жол-жобосу менен таанышууга үлгүрбөй калган жарандар үчүн да, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шайлоо участокторунда баардык маалыматтар илинген.

23 жаштагы Дастан Алымбеков Борбордук шайлоо комиссиясында эмгектенет. Адегенде коомдук байкоочу болсо, азыр байланыш борборунун СММ оператору. Ал шайлоо участкаларында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн шарттарга ыраазы.