Чет өлкөлөрдөгү мекендештер да добуш беришти. Анда Бишкек убактысы боюнча саат 19:30га карата 6300дөн ашуун адам жарандык укугун пайдаланды. Убакыттын айырмачылыгына байланыштуу, айрым жерлерде добуш берүү дагы деле уланууда.
Чет жерлердеги шайлоо тилкелеринде да добуш берүү эрежеге ылайык өлкө гимни жаңырган соң башталган.