Жаңылыктар
Дүйнөнүн атактуу актеру Стивен Сигал Кыргызстанда
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөнүн атактуу актеру Стивен Сигал Кыргызстанда

Бүгүн таң эрте “Манас” аба майданына Голливуд жылдызы, дүйнөнүн атактуу актеру Стивен Сигал конду. Америкалык актер Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен келди. Ал Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат. 

"Менин оюмча көчмөндөрдүн маданияты өтө маанилүү. Менин ата-бабаларым да көчмөн болгон. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарына келүүнү чечтим. Эң башкысы өлкө башчысынын чакыруусунан баш тарта алган жокмун", - деди актер. Стивен Сигал Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын жашырган жок.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118