Жаңылыктар
Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды
Шайлоо 2023
Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партияларга кайрылды. Мамлекет башчысы "Фейсбукка" билдирүү жазып, партияларды бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды. 

"Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партиялар ынанмайынча бюллетендер эч жакка жылбаш керек. Эгер чындап эле жасалма кылган болсо, БШКнын бардык мүчөлөрү жоопко тартылышат. Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!" - деди Жапаров.