Жаңылыктар
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сайттагы үзгүлтүк тууралуу билдирүүсү
Шайлоо 2023
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекованын сайттагы үзгүлтүк тууралуу билдирүүсү

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү кечки саат сегизден кийинки убакта, БШКнын онлайн иштеп жаткан сайтындагы добуш берүүнүн көрсөткүчүн чагылдырган таблица убактылуу токтоп калып, кайра иштегени боюнча түшүндүрмө берди. 

Анын айтымында бул учурда добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалай турган эч бир аракет жасалган эмес. Мында эки таблица көрсөтүлгөн. Негизги таблицасы ичинде жайгашып, ал жерде участоктордон келип түшкөн маалыматтар болгон. Сайтка кирип көргөндөргө ыңгайлуу болушу үчүн кыскартылган таблица түзүлгөн. Бирок тышкы таблицадагы формула бир аз туура эмес көрсөтүлүп калган. 

Бул жерде эч кандай зыян жок. Азырынча алдын ала гана жыйынтык экени айтылды. Негизи аймактардын бардыгынан добуш берүүнүн жыйынтыгы кол менен саналып бүтүп, расмий жыйынтык жарыяланмайынча юридикалык жактан күчкө ээ эмес болот.