Жаңылыктар
Шайлоого карата "119" Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн тартипте иштеди
Шайлоо 2023
Шайлоого карата "119" Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн тартипте иштеди

Шайлоого карата "119" Call-борборунун операторлору күчөтүлгөн тартипте иштеди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдирди. 

Добуш берүү күндөрү, тагыраагы 27-28-ноябрда "119" байланыш борборуна 11 миң 658 чалуу, онлайн консультация аркылуу 4 миң 253 кайрылуу түшкөн. Жарандардан чалууларды үзгүлтүксүз жана түшкү тыныгуусуз 60ка жакын оператор кабыл алды. Чалуулар эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин болгон. Орто эсеп менен бир оператор бир күндө 200дөн ашык чалууларды кабыл алган.