Жаңылыктар
Үркүн курмандыктарына мемориалдык комплекс ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Үркүн курмандыктарына мемориалдык комплекс ачылды

“Ата-Бейит” комплексинде 1916-жылы үркүндө курман болгондордун мемориалдык комплекси ачылды. Иш чарага Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңеш депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен чет элдик меймандар катышты. 

Комплекс мамлекет башчынын “1916-жылы каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерүү мемориалы” тууралуу жарлыгынын негизинде курулду. Авторлору скульптор Огонбаев менен Сардарбек Ажиев, архитектору Улан Бейшенбаев. Комплекс оор күндөрдө эркиндик үчүн жанын аябай эрдик көрсөткөндөрдү эскерүү жайына айланат. 

Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы, Жогорку Соттун төрайымы комплекске гүл чамбарларды коюп, курман болгондор 1 мүнөт эскерилди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118