Жаңылыктар
ЖК жаңы депутаттар менен толукталды
Саясат
ЖК жаңы депутаттар менен толукталды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин жаңы үч депутатына мандат тапшырды. «Ата Мекен» партиясынын мурдагы депутаты Жоомарт Сапарбаевдин  ордуна партиялашы Абдимуктар Маматов келди. Ошондой эле, “Кыргызстан” партиясынан Урматбек Самаев менен Алмазбек Токторовго депутаттык төш белги тагылды. 

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын эл өкүлдөрү Эльмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотууга байланышкан чечимин жараксыз деп тапкан Биринчи май райондук сотунун 15-январда чыгарган чечимин жокко чыгарган.