Жаңылыктар
Шайлоодо мыйзам бузуулар катталган жок - Эл аралык байкоочулар
Шайлоо 2023
Шайлоодо мыйзам бузуулар катталган жок - Эл аралык байкоочулар

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык ийгиликтүү өттү. Мындай бааны Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Гисмат Гозалов билдирди. 

Айтымында, шайлоо тилкелеринин ишине администрациянын жана мамлекеттик органдардын кийлигүүшүсү болгон жок. Ошондой эле ал шайлоо тилкелеринде санитардык нормалар сакталып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди.

“Алгач кыргыз элин куттуктайбыз. Парламенттик шайлоо эл аралык стандарттарга жараша таза, ачык-айкын өттү. Бул шайлоо өлкөнүн өнүгүшүүнө өбөлгө болот деп ишенебиз. Миссиянын иши боюнча айтсак, байкоочулар талапкерлер жана БШКнын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Үгүт иштеринин жүрүшү жана саясий партиялардын шайлоого даярдыгы боюнча таанышып, шайлоо алдындагы иш-чараларга барышты. Шайлоо боюнча токтолсок, шайлоого келген калктын активдүүлүгү төмөнүрөөк болду. Бирок акыркы парламенттик шайлоого салыштырмалуу чет өлкөдө добуш берген жарандардын саны 32 миңден 84 миңге көбөйүптүр. Ал эми шайлоо учурунда үгүт иштери сыяктуу мыйзам бузуулар катталган жок”,- деди  Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Гисмат Гозалов.