Жаңылыктар
ИКУ: Кыргызстанда шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өттү
Шайлоо 2023
ИКУ: Кыргызстанда шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өттү

Кыргызстандагы шайлоо жараяны жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу брифингде Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчы катчысы Адамо Баубокар билдирди. 

Ал шайлоо участоктору добуш берүүнүн заманбап техникалары менен жабдылгандыгын белгилеп, шайлоо процесси - мыйзамдарга ылайык, эл аралык нормаларды эске алуу менен өткөрүлгөндүгүн айтты. Аялдар да шайлоого активдүү катышып, жыйынтыгы ийгиликтүү болду, - дейт Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башкы катчысы.

“Кыргызстанда шайлоо процесси эң жогорку деңгээлде өттү. Олуттуу арыз-даттануулар болгон жок. Майда-чүйдөлөрү жеринде дароо чечилип жатты. Шайлоо участкалары заманбап талаптарга ылайык толук жабдылгандыгы да бизди ынандырды", - деди Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын башчы катчысы Адамо Баубокар.