Жаңылыктар
Шайлоо - 2021. Эл аралык байкоочулардын пикири
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021. Эл аралык байкоочулардын пикири

Шайлоо өнөктүгүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, өз пикирлерин билдирди. 

КМШ мамлекеттеринин миссиясы, ШКУга мүчө өлкөлөрдун өкүлдөрү, Түрк тилдүү парламенттер ассамблеясынын мүчөлөрү, Ислам кызматташтык уюмуна кирген курамдын өкүлдөрү биригип 730 байкоочу өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоо тилкелеринде болушту.

Жетинчи чакырылыштын депутаттарын аралаш система менен тандаган шайлоо өнөктүгүнүн өтүшүнө эл аралык байкоочулар көз салышты. Алар биринчи кезекте жогорку уюшулгандыкта өткөнүн баса белгиледи. 

Бул жолку саясий тандоо пандемияга карата санитардык нормаларды сактоо менен, административдик мүмкүнчүлүктөрдү колдонбой, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кийлигишүүчү жок өттү. Жалпы болуп 2498 шайлоо участкасында ар кандай уюмдарга мүчө болгон 14 мамлекеттин жана байкоочулук кылган 29 өлкөнүн шайлоо тармагында иштеген өкүлдөрү парламенттик шайлоонун өтүшүнө көз салышты. ШКУна мүчө мамлекеттерден 19 байкоочу келди. 

Ал эми түрк тилдүү мамлекеттерден бул ирет эки уюм байкоочулук кылды. Түрк мамлекеттер уюмунун байкоочулар миссиясы менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер ассамблеясынын мүчөлөрү. 12 жыл мурда түзүлгөн уюмга Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан мүчөлүк кылса Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу өлкө катары кирген. Уюмдун негизги максаты мамлекеттер аралык парламенттик системаны жайылтуу жана анын артыкчылыктарын жайылтуу. 

Маалымат жыйында Ислам Кызматташтык Уюмунун байкоочулары да өз пикирин билдирди. Баш кеңсеси Сауд Аравиясында жайгашкан эл аралык уюм бир нече мамлекеттердин башын бириктирип, 1969-жылдан бери арад өлкөлөрү менен Азия чөлкөмүндөгү саясий өнөктүктөргө активдүү катышып, адилеттүүлүк менен ачыктыктын камсыздалышына салым кошуп келет.