Жаңылыктар
Шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарына ылайык чыгарылат
Шайлоо 2023
Шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарына ылайык чыгарылат

Парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы бюллетендер толук колго саналгандан кийин гана чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. 

Добуштарды колго саноо мыйзамдын негизги талаптарынын бири. Ал эми электрондук тутумдун эсептери расмий жыйынтыкка кошумча маалымат катары гана кабыл алынат. Андыктан шайлолордун расмий корутундусу чыкканга чейин партиялар жана талапкерлер ар кандай чагымчылыкка алдырбай, өлкөдө туруктуулук болушу керек дешет адистер.

Борбордук шайлоо комиссиясы күн мурун электрондук эсептөөчү тутумдун жыйынтыктары чыккандан кийин дароо добуштарды колго саноо процедурасын баштаган. Мыйзамга ылайык, кандай гана шайлоо болбосун, добуштар колго саналгандан кийин гана ар бир аймактык шайлоо тилкесинин протоколу түзүлүп, мына ошол сандар гана расмий жыйынтык үчүн пайдаланылат. Азыркы учурда кол санак уланууда. 

Кечээ добуш берүү аяктагандан кийин, алдын ала жыйынтыктар боюнча парламентке өтпөй калган партиялар, автоматтык эсептөөчү тутумдун маалыматтарын жүйө келтирип парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын айтып нааразы болушкан. Адистер бул жолу шайлоо өнөктүгүн таза жана ачык айкын өткөрүүгө болгон күч аракет жумшалганын белгилешет. Эл кандай добуш берсе, ошого жараша жыйынтык болду дешет. 

Айрым партиялардын өкүлдөрү нааразычылык билидирип бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына тынч митингге чыгышты. Кээ бирлери кол санактын жыйынтыгын күтөлү дешсе, айрымдар шайлооунун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын айтып, жыйынтыкты жокко чыгаруу ойлорун ортого салышты. 

Учурда добуштарды колго саноо уланууда. Бул процедура аяктаган соң борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты жарыялайт. Ал эми адистер партияларды жана анын талапкерлерин ар кандай чагымчылыкка алдырбай, туруктуулукту сактоого чакырышат.