Жаңылыктар
Шайлоодо одоно тартип бузуулар болгон жок
Шайлоо 2023
Шайлоодо одоно тартип бузуулар болгон жок

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү өлкө боюнча 126 ар түрдүү тартип бузуулар катталды. 

ИИМдин маалыматына караганда, анын экөө кылмыш жана бешөө жорук. Ал эми калгандары маалыматтык электрондук каттоого алынды. Бул боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү чаралар көрүлөт.

Шайлоо күнү коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн республика боюнча ИИМдин 12 миңге жакын кызматкери тартылды. Аймактагы ар бир шайлоо тилкесинин кире беришенде экиден милиция кызматкери нөөмөттө туруп, добуш берүүчүлөргө көз салып турушту. Алардын айтымында, бул жолку шайлоодо өтө көп тартип бузуулар катталган жок. 

Шайлоо күнү коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда одоно мыйзам бузуулар менен массалык башаламандыктарга жол берилген жок. Ички иштер органдары элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантууда.