Жаңылыктар
Шайлоо-2021. Чет өлкөлөрдө 9 826 кыргызстандык добуш берди
Шайлоо 2023
Шайлоо-2021. Чет өлкөлөрдө 9 826 кыргызстандык добуш берди

Алдын ала жыйынтык боюнча, парламенттик шайлоого чет жактагы Кыргызстандын 9 826 жараны катышты, башкача айтканда, бул көрсөткүч 11,67 пайызды түзөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо чет өлкөдөгү шайлоочулардын саны 84 миң 128ди түздү. Биринчи жолу өлкөнүн саясий системасында шайлоочулар бюллетенде саясий партияны жана партиянын тизмесинде талапкерди жана көз карандысыз талапкерди шайлай алышты.

Бул максаттарда чет мамлекетте 59 шайлоо участогу ачылды, алардын ичинен 10 добуш берүү тилкеси быйыл жаңы ачылды. Алар, Россияда – Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарларында. Түркиянын Анталья, АКШнын Нью-Йорк жана Чикаго, Италиянын - Кальяри, Венгрияда – Будапешт шаарында ачылды.