Жаңылыктар
УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды
Кылмыш
УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлады. 

Маалыматка ылайык, кармалган адам коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси - экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, тергөө жайына киргизилди. 

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандан Макаров тапанчасы, бычак, уюлдук телефондор, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.