Жаңылыктар
Садыр Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктүн себепкери жоопко тартылат
Шайлоо 2023
Садыр Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктүн себепкери жоопко тартылат

Президент Садыр Жапаров тиешелүү мекемелердин жетекчилердин катышуусунда шайлоо боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындан кийин мамлекет башчысы добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөөгө байланыштуу фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга, шайлоого катышкан саясий партиялардын жетекчилерине кайрылды. 

Анда ал, шайлоо эң жакшы келе жатып, болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүктү пайда кылганын, БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экени такталганын белгиледи. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот - деп жазды мамлекет башчысы. 

Садыр Жапаров ошондой эле, бийлик - шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсок, БШКнын ишине да дал ошондой кийлигишпегенин, болгону адилетүү жана мыйзамдуу иштөө талабы коюлганын жазып, БШК адисинин шалаакылыгынан кеткен мүчүлүштүккө күнөөлүү жоопко тартылаарын жана бул боюнча териштирүү иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети баштаганын белгиледи.