Жаңылыктар
Шайлоого карата элдин баасы. Айрым мүчүлүштүктү эске албаганда шайлоо таза жана ачык-айкын өттү
Шайлоо 2023
Шайлоого карата элдин баасы. Айрым мүчүлүштүктү эске албаганда шайлоо таза жана ачык-айкын өттү

БШКнын атайын сервериндеги мүчүлүштүктү эске албаганда шайлоо таза жана ачык-айкын өттү. Эл арасындагы сурамжылоолор коомчулукта дал ушундай пикир басымдуу экенин көрсөтүүдө. 

Өлкө жарандары мындан ары саясий талаш-тартыштарды токтотуп, аракетти башка багытка жумшашы керек деп эсептешет.

Эл арасындагы байма бай сурамжылоолордон улам көпчүлүк шайлоо таза өткөнүнө ынанганын көрсөтүүдө. Мамлекеттик кызматкерлердин үгүткө аралашпаганы, мугалим, дарыгерлердин шайлоого байланыштуу чогулуштарга катышуусуна тыюу салынганын белгилеп жатышат. Сурамжылообузга катышкандардын басымдуу бөлүгү бул жолку саясий жарышты добуш сатып алуу массалык түрдө ишке ашырылган былтыркы шайлоого салыштырып жыйынтык чыгарууда.